Монополияга каршы кызматы Ош базарындагы бааларды текшерди

09.03.2023, 16:41 Акчабар
Монополияга каршы кызматы Ош базарындагы бааларды текшерди

Бишкектин базарларында азык-түлүк тартыштыгы жок. Товарларды жеткирүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Ош базарындагы социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлгөн. Өткөн аптада Аламүдүн базарындагы баалар да текшерилген. 

“Өсүмдүк майынын, эттин, ундун жана канттын баасына өзгөчө көңүл бурулду. Ишкерлердин айтымында, товарлар үзгүлтүксүз жеткирилүүдө. Азык-түлүк тартыштыгы жок, калктын ашыкча суроо-талаптары жок”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, шаардын базарларында айрым азык-түлүк товарларына, ун менен кумшекерге болгон баа төмөндөөдө. Январь айына салыштырмалуу март айында өсүмдүк майы, кум шекер, пияз арзандаган. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу