Moody's Казахстандагы банк системасын «туруктуу» позициясынан «позитивдүү» деп болжоду

19.04.2019, 09:00 Акчабар
Moody's Казахстандагы банк системасын «туруктуу» позициясынан «позитивдүү» деп болжоду

 Казахстандагы банк системасын болжолдоо «туруктуу»  позициясы «позитивдүү» деп алмашылды.  Анткени, банктардагы активдер менен жогорку өтүмдүлүгүү себеп болгон.  Бул тууралуу Moody's Investors Service эл аралык уюму 18-апрелдеги жоопчотунда белгиледи. 

«Бул жагымдуу жагдай казак банктарынын кредит берүү кудуретин аныктайт. Болжол берген убакытта  12-18 айга чейинки араылкта казак банктары экономикадагы өсүү темпинин жай болгонуна карабай, кредит берүү чектелген жок», –деп айтты Moody’s компаниясынын вице-президенти – ага аналитик Владлен Кузнецов.

Мамлекеттен колдоо алган соң  казахстандык банктар буга чейин көйгөй жараткан кредиттерди  кечип, айрымдарын төлөтүп алып,  атайын  ушундай кырдаалга резерв түзүүгө жетишти. Насыялоонун көбөйүшү айрым көйгөйлүү  карыздарды  азайтат, анткени банктар сунуштаган кредиттердин сапаты жогору. 12-18 ай аралыгында банктарда киреше табуу көбөйөт, анткени пайыздык маржа  комиссиялык киреше менен эффективдүулуктү жогорулатуудан камсыздандырылат.  

Республиканын экономикасы акырындык менен өсүп 2019-2020-жылдары жылына 3-4%  өсүү болжонууда. Ошондуктан, жогорук пайыздык ченге, насыя төлөөгө  кудуреттүү  кардарларга байланыштуу  насыя алуу  чектелүү  болот. Moody’s агентиги Казахстандагы  кредиттөө жылына 10-12% өсөт деп болжошууда. Ушул эле маалда  инфляцияга карата өсүү жогору болбой, быйыл 5-7% түзөт деп эсептешүүдө. 

Тэги: Moody's Казахстан банки кредитный рейтинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу