Финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин эл аралык стандарттары кыргыз тилине которулат

07.10.2021, 11:02 Акчабар
Финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин эл аралык стандарттары кыргыз тилине которулат

Финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин эл аралык стандарттары кыргыз тилине которулат. Бул тууралуу Мамлекеттик финансылык көзөмөл органынын төрагасы Арзыбек Кожошев "Финансылык отчеттуулук жана аудит: жаңы реалдуулуктар жана өнүгүү перспективалары" Улуттук форумунун ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Ал финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жана аудиттин мамлекеттик тилге которулушу республикада корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти жакшыртуу үчүн маанилүү чара экенин баса белгиледи.

"Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу биз бул процессти демилгеледик. Бүгүн бул чоң иште бизге жардам берген бухгалтерлер жана адистер бар, бул үчүн аларга өзүнчө ыраазычылык билдиргим келет. Жакын арада бул ишти аягына чейин бүтүрөбүз деп үмүттөнөм", - деди Кожошев.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу