Мухаммедкалый Абылгазиев айрым мүлктөрүн декларацияда көрсөткөн эмес

27.01.2021, 14:15 Акчабар
Мухаммедкалый Абылгазиев айрым мүлктөрүн декларацияда көрсөткөн эмес

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-январда УКМК тарабынан камакка алынган. Абылгазиев мыйзамсыз баюу беренеси менен айыпталууда. Экс-чиновниктин декларациясында көрсөтүлгөн киреше менен атайын кызматтын фактылары дал келбейт. 

 

 

Салык кызматынын маалыматына ылайык, Абылгазиев 2017-жылы 2.3 млн сом киреше тапкан. Декларацияда үй жана автоунаалары көрсөтүлгөн эмес. Бирок, мал чарбачылык менен активдүү иштешкени жазылган. Жалпысынан 4.1 млн сомго бодо мал жана майда жандыктар көрсөтүлгөн. Жакындарына таандык 278.5 чарчы метр үй жазылган.

 

2018-жылы мурунку өкмөт башчы 826 миң сом тапкан. Бирок, мал-жандыктардын башын 5.5 млн сомго көбөйткөн. Туугандарынын кирешелери тууралуу бир дагы маалымат берилген эмес.

 

Салык кызматынын сайтында, 2019-2020-жылдардагы отчеттору тууралуу маалымат азырынча жок. УКМКдан билдиришкендей, экс-премьер-министр өзүнүн мүлкүн расмий кирешесинен ашыкча мыйзамсыз көбөйткөн. Ал кымбат баалуу объектилерди жана Бишкек, Чүй жана Ыссык-Көл облустарынын аймагынан кыймылсыз мүлктөрдү алган. Андан сырткары, элиталык көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн каржы инвестицияларды жумшаган. Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн, бул мүлктөрдү жасалма жол менен башка жарандарга каттаткан. 

Тэги: экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу