Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккандардын эмгек акысына 303 млн сом бөлүндү

14.10.2020, 14:50 Акчабар
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккандардын эмгек акысына 303 млн сом бөлүндү

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин октябрь айына айлык акысы толук каржыланды. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты. 

Бүгүнкү күндө дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 7621 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 7471 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жатат.

Жеке ассистенттин ай сайын айлык акысынын өлчөмү 4900 сомду түзөт. Белгилей кетсек, жеке ассистенттер үчүн ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полисирайондук социалдык өнүгүүбашкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен алынат.

Ушул жылдын башынан тарта жеке ассистенттердин кызмат акысын төлөөгө республикалык бюджеттен 303 млн. 062 миң 339 сом бөлүнгөн.

Тэги: ассистент эмгек акы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу