Казакстанда сейрек кездешүүчү жаныбарлар жайгашкан жерге мунай издөөгө уруксат берилди

14.02.2020, 14:00 Акчабар
Казакстанда сейрек кездешүүчү жаныбарлар жайгашкан жерге мунай издөөгө уруксат берилди

Батыш-Казакстан облустук экология департаменти «Урал Ойл энд Газ» компаниясына Кирсанов коругунун аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин башчысы Ербол Куановдун билдирген маалыматына таянып, «Кабар» агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, коомдук угуулардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар чалгындоо иштерин колдоп беришкен.

«Биз уруксат бердик. Бирок өзгөчө кайтаруудагы аймакта мунай издөө иштери быйыл башталбайт», — деп билдирген Куанов.

Казакстанда Кирсанов коругунда чалгындоо иштерин баштоо пландалып жаткандыгы тууралуу былтыр күзүндө айтыла баштаган. Жаңы жылга чейин корукка баруу үчүн жол төшөлүп, көпүрө курулган.

Кирсанов коругу 1967-жылы түзүлгөн. Анда аймакта сейрек кездешүүчү жаныбарлар байырлайт.

 

 

Тэги: мунай Казакстан издоө иштери казак бийлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу