Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Казакстанга ири өлчөмдөгү алтынды мыйзамсыз ташып бара жаткан факт аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Чалдыбар-автодорожный» өткөрүү пунктунда Mersedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа текшерилген. Жыйынтыгында унаанын салонунда 127.5 миң долларга бааланган 10 коробкага салынган зер буюмдар табылган.
Учурда тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.