Мыкты команда эл үчүн кызмат кылууга бел байлады. Белгилүү инсандар «Эмгек» партиясына батасын берди

09.04.2021, 12:40 Акчабар
Мыкты команда эл үчүн кызмат кылууга бел байлады. Белгилүү инсандар «Эмгек» партиясына батасын берди

«Эмгек»саясий партиясынын катарына кошулгандардын саны күн өткөн сайын көбөйүп, партиянын катары калыңдоодо. Өлкөдөгү белгилүү инсандар да бул саясий уюм тууралуу жылуу пикирлерин айтып, колдоого алууда. Төмөндө төбөсү көрүнгөн айрым инсандардын «Эмгек»партиясы тууралуу пикирлерин сунуштайбыз.

 

Шаршен Касенов, эмгек сиңирген машыктыруучу:

-           11-апрелде Кыргызстанда маанилүү саясий иш-чара өткөнү турат. Референдумда элибиз жаңы Баш мыйзам үчүн добуш берип, ошол эле учурда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тандашат. Мен бул жолку шайлоодо «Эмгек” партиясына ишеним артып жатам. Анткени, бул саясий уюмдун курамы мени канааттандырды. Буга чейин булганбаган, элдин камын көрүп, түз жүргөн инсандар биригиптир. Талапкерлердин арасындагы талпынган жаштарды, ар кайсы тармакта буга чейин ийгилик жараткан жигит-кыздарды көрүп купулум толду. Элибиз таза, ак эмгек кылган мекенчил депутаттарга муктаж болуп турганда мындай боштукту «Эмгек» партиясынан чыккан мыктылар толуктайт деп терең ишенем.   

 

Вячеслав Хан, Кыргызстандагы корейлер коомдук бирикмесинин президенти:

-           Кыргызстанды көп улуттуу өлкө, бардык этностордун укуктары тең сакталган мамлекет катары дүйнө тааныйт. Саясий туруксуздук гана биздин өнүгүүгө тоскоол болуп жаткандай сезилет. Эми биз эмгектенип, биригип иштей турган учурга келдик. Буйруса, күзүндө мамлекет башчыбыз айткандай шайлоолор аягына чыгат. Туруктуулук, өсүп-өнүгүү болушу үчүн биз шайлоолордо жаңылбашыбыз керек. Мен кыргыз коомчулугун, айрыкча бишкектиктерди 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда «Эмгек» партиясына добуш берүүгө чакырып кетет элем. Анткени, бул саясий уюмга мен жакындан тааныган өз өлкөсүн сүйгөн патриоттор, жаратмандар чогулган. Бишкектин тагдырын «Эмгек» сыяктуу партияларга тапшырсак жаңылбайбыз деп ишенем.

 

Алыбек Акунов, саясат таануучу, тарых илимдеринин доктору:

 

  • Кайсы бир учурда борбор калаага келгенибизде, айылдыктар шаарлыктарга карап түздөнчү элек. Азыр баары башкача. Борбор калаа өсүп-өнүккөнү менен көйгөйлөр көбөйдү.

«Эмгек» партиясы ушул сыяктуу маселелерди чече ала тургандай программаны сунуштап жатыптыр.

Анан дагы Кыргызстандын тарыхый-улуттук дөөлөттөрүн коргоо, жаш таланттар менен өнөр адамдарын колдоо боюнча максаттары көңүлүмө төп келди.

 

Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген «​Эмгек»партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебиз.

 

«Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

 

 

Тэги: Саясий партия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу