Мыктыбек Абдылдаев Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү

08.10.2020, 17:15 Акчабар
Мыктыбек Абдылдаев Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президент тараптан демилгеленген бул баарлашууда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал талкууланды.

Төрага азыркы убакытта Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү боюнча бардык колдон келген аракеттерди жасап жатканын, ошондой эле депутаттар тарабынан абалдан чыгуунун бир катар жолдору сунушталганын белгиледи. Ошону менен катар айрым эл өкүлдөрү тарабынан Президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскертти. Мыктыбек Абдылдаев президентке кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин белгиледи.

«Анткени, өлкөбүз күтүү режиминде жашай албайт», - деп кошумчалады төрага.

Тэги: Мыктыбек Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу