Бишкек менен Оштогу ооруканалардын курулушу ушул жумада башталат

21.07.2020, 14:10 Акчабар
Бишкек менен Оштогу ооруканалардын курулушу ушул жумада башталат

Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу ооруканалардын курулушу ушул жумада башталат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, курулуш үчүн жер тилкелери жана курулуш тууралуу долбоорлор даярдоо этабында турат. Ош жана Бишкектеги ооруканалардын курулушун ушул жумада баштоо зарыл.

«Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарбачылык агенттиги жооптуу орган болуп дайындалды. Саламаттык сактоо министрлигине ооруканаларды керектүү жабдыктар менен камсыздоо жана кадр тандоо жоопкерчилиги жүктөлдү»,-деди премьер-министр.

 

Республикалык штабдын отурумунун жүрүшүндө региондордо колдонулбай турган имараттар ооруканаларга айлана тургандыгы айтлды.

«Аймактардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарбачылык агенттиги менен биргеликте аталган имараттарда оңңдоп-түздөө иштерин жүргүзүүнү камсыздоосу керек. Алар 1 айдын ичинде 100 орундуу ооруканаларга ылайыкташтылрылып, 25-30 орундугу жандандыруу блоктору катары жасалышы керек»,-деди өкмөт башчысы.

 

Андан сырткары, региондордо кошумча орундарды ачуу маселеси дагы талкууланды. Премьер-министр бул жаатта Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусунун башчылары жетишсиз иш алып барып жаткандыгын белгиледи.

 

Тэги: коронавирус больницы Бишкек Кубатбек Боронов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу