“Евразия жумалыгында” IT-инвестшоу өткөрүлөт

17.09.2019, 13:29 Акчабар
“Евразия жумалыгында” IT-инвестшоу өткөрүлөт

 “Евразия жумалыгы – 2019” IV Эл аралык көргөзмө форумунда IT-инвестшоу өткөрүлөт. Иш-чарага ЕАЭС мамлекеттеринин, Кытай жана Сингапурдан келген инвесторлорго  кичи жана орто бизнестин долбоорлору көрсөтүлөт. 

Инвесторлор менен болгон жолугушууга “Евразия санариптик аянтчалар” сынагынын финалдык туруна катышкандар өздөрүнүн долбоорлорун жана кызматтарын көрсөтө алышат.  Андан сырткары, КЭР, КР жана Россиядан келген эксперттер өздөрүнүн кеңештери менен бөлүшө алышат. 

Эске сала кетсек, “Евразия жумалыгы” – жыл сайын ЕАЭС жана  ЕЭК өткөрүп туруучу иш-чара. Бул жылы форум Бишкекте өтөт.  Форумда акыркы 5 жылдыктын жыйынтыгын талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулугунун, мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана эксперттеринин эркин пикир алмашуу аянтчасы болуп эсептелет.

Иш-чарага Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Белоруссиянын премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышары күтүлүүдө.

 

Тэги: ЕЭАС ЕЭК IT-инвестшоу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу