"Баткен" бажысынын кызматкерлери тарабынан 5 миллион сомдон ашык каражатка бааланган аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кзматынын басма сөз кызматы билдирди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Миң-Чынар - Апкан унаа жолунда кыргыз жараны К.уулу Т.нын башаруусундагы DAF үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилгенде унаанын жүк сактоочу жайында эл керектөөчү товарлардын ассортименти табылган.
Товардын болжолдуу жалпы наркы 5 миллион сомдон ашат. Айдоочуну токтотуу учурунда ал жүктөрдү ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай документ көрсөтө алган эмес. Автотранспорт мөөр басылып убактылуу жайга токтотулган.
Бул факт боюнча учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.