Новиков: Жерүй кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздук маселеси өзгөчө көзөмөлдөнөт

06.02.2021, 17:30 Акчабар
Новиков: Жерүй кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздук маселеси өзгөчө көзөмөлдөнөт

КР биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Талас шаарында Жерүй кенин иштетүү маселесин иликтөө боюнча элдик комиссиянын кеңешмесине катышты, анда комиссия ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары сунушталды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 

 

«20-январда «Sensor Group» компаниясынын адистери келип, коопсуздук маселелерин иликтеп, анча чоң эмес кемчиликтерди аныктаган. Аталган кемчиликтер оңдолгон. Ишкана калдык сактоочу жайга мембрананын кошумча катмарын орнотот. Мен калдык сактоочу жайдын коопсуздугу камсыздалаарын баса белгилейм. Бирок орнотуу үчүн кошумча убакыт талап кылынат», - деди Новиков.

Артем Новиков билдиргендей, келерки жумада компетенттүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү тургундардын, көзкарандысыз эксперттердин жана экологдордун катышуусу менен Мамлекеттик комиссия түзүлөт.

 

Тэги: Джеруй хвостохранилище месторождение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу