Ысык-Көлдө бройлердик багыттагы биринчи канаттуулар фабрикасы ачылды

22.07.2021, 11:00 Акчабар
Ысык-Көлдө бройлердик багыттагы биринчи канаттуулар фабрикасы ачылды

Ысык-Көл облусунда 21-июль күнү бройлердик багыттагы биринчи бакма канаттуулар фабрикасынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун сайтында маалымдалды. 

Долбоордун максаты - Кыргызстанда канаттуулардын этин импорттоонун ордун басууну камсыз кылуу. Учурда фабрика жылына 7,9 миң тонна өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, бирок убакыттын өтүшү менен долбоор импорттун муктаждыгынын 50% жабышы керек, же жылына 22,5 миң тонна канаттуулардын этин өндүрүүнү мерчемдөөдө.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун маалыматы боюнча, муну менен өлкөдөн сыртка чыгуучу каражат 11 миллион долларга кыскарат.

Маалым болгондой, аталган фонддон жалпы инвестиция 3,5 миллион долларды түздү.

Өнөр жай комплексинде жергиликтүү калктан 250гө жакын адам иштейт.

Тэги: экономика РКФР птицефабрика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу