Каржы министрлиги келерки жылы капиталдык салымдарга 13 миллиард сом бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдын бюджетинде азырынча 3 миллиард сом гана каралса, капиталдык салымдарга кошумча дагы 10 миллиард сом бөлүү мүмкүнчүлүгү бар.
Министр депутаттарга 2022-жылдын бюджетинде да адегенде капиталдык салымдар үчүн 3 миллиард сом каралса, бүгүнкү күндө бул максаттарга бөлүнгөн каражат 17 миллиард 400 миллион сомго чейин көбөйгөнүн маалымдады.