«Ошэлектронун» акциялары КФБнын экинчилик рыногундагы сооданын 59%дан ашыгын ээледи

02.08.2022, 09:16 Акчабар
«Ошэлектронун» акциялары КФБнын экинчилик рыногундагы сооданын 59%дан ашыгын ээледи

Өткөн аптада, 25-июлдан 29-июлга чейин Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында 4,8 миллион сомго 40 бүтүм катталды. Бул тууралуу биржанын сайтында маалымдалды.

Мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар болгон эмес. Негизинен соодалар корпоративдик сектордо жүргүзүлдү. Соода көлөмүнүн 66,6%ын компаниялардын акциялары менен бүтүмдөр, калган 33,4%ын корпоративдик облигациялар менен операциялар түзгөн.

Биринчилик рынокто компаниялардын корпоративдик облигациялары менен гана бүтүмдөр 1,61 млн. сомго катталган. Жайгаштыруу төрт компания тарабынан жүргүзүлдү, анын ичинде “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы” ЖАК, “Текстиль Транс” ЖЧК жана “UBS Transit” ЖАК:

  • UBS Transit ЖАК - 790 миң сом;
  • KICB ЖАК - 150 миң сом;
  • "Текстил Транс"  ЖЧКсы – 660 миң сом.

Экинчилик рыноктун секциясында 3,21 млн сомго болгону 25 бүтүм катталган, анын ичинде “Ошэлектро” ААКсынын акциялары менен секцияда 1,91 млн сомго эң ири бүтүм (кайра рыноктогу соода көлөмүнүн 59,5%) катталган. Мында бүтүмдөр боюнча акциянын баасы 0,21 сом деңгээлинде белгиленген. Кичинекей көлөмдөгү бүтүмдөр “Манас Эл аралык аэропорту” ААК, МФК “Салым Финанс” ААК, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК, “Полибетон” ААК, “Бишкексүт” ААК, “Кыргызстан коммерциялык банкы” ААК, “Автомобилдик завод” жана “Машина сыноо станциясы” ААК акциялары менен катталган. 

Тэги: биржа КФБ Ошэлектро акции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу