Үстүбүздөгү жылдын 9 айындагы жыйынтык менен мамлекеттик кызматкерлердин иш сапарларга кеткен каражаттын суммасы 12.1 млн $ (849 млн сомду) түзгөн. Бул тууралуу Борбордук казына маалымдайт.
9 ай ичинде бюджет тармагында иштегендердин бир суткалык чыгашасына 228 млн сом бөлүнгөн. Андан сырткары байланыш кызматына 611 сом жана ишмердүүлүгүн теле-радио берүүлөргө чыгаруу үчүн 277 млн сом каралган.
Бул сарпталган 1.7 млрд сомго КР 175 чакырым авто жол же болбосо 3 миң орундуу 25 мектеп курса болот.