Кыргызстанда бейтаптар медициналык кызматтын 46%ын өз каражатынан төлөшөт

11.05.2022, 13:48 Акчабар
Кыргызстанда бейтаптар медициналык кызматтын 46%ын өз каражатынан төлөшөт

Кыргызстанда бейтаптар медициналык кызматтын 46%ын өз каражаттарынан төлөшөт. Дүйнөлүк банк тобунун саламаттык сактоо боюнча улук экономисти Кристел Вермеерш Министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банк тобу тарабынан уюштурулган Бишкек адамдык өнүгүү форумунда сөз сүйлөп, өлкөдөгү саламаттыкты сактоо кызматтарын көрсөтүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

Маалыматка ылайык, мамлекет тарабынан 100% дарыланууга кепилдик берилген ар бир бейтапка казынадан жылына 150 сомдон гана жардам берилет. Бул жагдай жарым-жартылай жарандардын 15%ы гана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүү менен түшүндүрүлөт.

"Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында кайра карап чыгууну талап кылган мамлекеттик кепилдиктердин комплекстүү системасы бар. Саламаттык сактоого мамлекеттик чыгымдардын болжол менен 80% мамлекеттик кепилдиктердин пакетин берүүгө жумшалат, ал эми калк мамлекет тарабынан кепилденген медициналык кызматтардын тизмеси жөнүндө кабардар эмес. Бул пакеттин декларативдүү экенин көрсөтүп турат”, - деди Кристел Вермерш.

Саламаттык сактоо системасын каржылоону көбөйтүү үчүн ресурстар катары Дүйнөлүк банктын эксперттери алкоголдук ичимдиктерге, тамекилерге жана канттуу суусундуктарга кошумча салык киргизүүнү сунуштоодо.

Тэги: здравоохранение Всемирный банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу