ЖКнын депутаттыгына өзүн өзү көрсөткөн талапкерлердин саны 62ге жетти

01.10.2021, 13:50 Акчабар
ЖКнын депутаттыгына өзүн өзү көрсөткөн талапкерлердин саны 62ге жетти

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округдарынан 62 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүү келип түштү. Бул тууралуу КР БШК билдирди.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктайт.

Өзүн өзү көрсөтүү жолу менен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү ушул округ боюнча талапкер катары катышуу ниети жөнүндө КР БШКга арыз берген талапкер тарабынан жүргүзүлөт.

Талапкер бир округдан гана көрсөтүлүшү мүмкүн. КР БШКнын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирилбестен тапшырылышы керек.

Тэги: ЦИК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу