2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикалык бюджеттен мамлекеттик карызды тейлөөгө 15 млрд 972.1 млн сом жумшалган. Бул тууралуу КР каржы министрлиги маалымдады.
Ушул эле каражаттан тышкы карызга 7 млрд 608.3 млн сом, ички карызга - 8 млрд 363.8 млн сом жумшалган.
Буга чейин мамлекеттик карызды тейлөогө 2002-жылга карата бекитилген бюджетке ылайык, 28 млрд 818.8 млн сом жумшалмак. КР Мыйзамына киргизилген өзгортүүгө ылайык, чыгаша 32 млрд 821.2 млн сомго жогорулатылган», — деп жазылат маалыматта.