2018 – жылы мам.карызды төлөө үчүн 23 млрд. сом коротулган

07.10.2019, 15:05 Акчабар
2018 – жылы мам.карызды төлөө үчүн 23 млрд. сом коротулган

2018 – жылы ички жана тышкы карызды төлөө үчүн 23 млрд. сом жумшалган. Республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн 9 млрд. сомго баалуу кагаз чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 7 – октябрда ЖК бюджет жана финансы комитетинин жыйыныда Эсеп палатысынын өкүлү Улукбек Марипов билдирди. 

 «КР Өкмөтү баалуу кагаз тармагында бир гана коммерциялык банктар менен эмес, калк менен дагы иштешүүсү зарыл. Андан сырткары, жылдын аягында бекитилген суммалардын өзгөрүүсү жакшы жыйынтык алып келбейт. Мисалы, “капиталдык салым” беренесине бекитилген сумманын саны жыл аягында өзгөрдү. Бул тууралуу жыл сайын билдиребиз, бирок  эч кандай жыйынтык бербей келет», — деп билдирди Улукбек Марипов. 

Эске сала кетсек, бүгүн 7- октябрда ЖК бюджет жана каржы комитети “КР 2018 – жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү» мыйзам долбоорун карады. 

 

Тэги: ценные бумаги госдолг ЖК КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу