2020-жылдын март айында мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен 3 млрд 614 млн 459.5 миң сом жумшалган. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министрлиги маалымдайт.
Мамлекеттик ички карызды тейлөөгө - 1 млрд 335 млн 29 миң сом, тышкы карызга - 2 млрд 279 млн 430.5 миң сом жумшалган.
Белгилей кетсек, жыл башында тышкы карызды төлөөгө, ички карызды жабуудан дагы көп каражат бөлүнгөнү маалымдалган.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын I кварталында мамлекеттик карызды жабууга бюджеттен 8 млрд 976.4 млн сом которулган.