Мамлекеттик номерлерди саткан онлайн-аукциондо http://nomer.srs.kg 800 өзгөчө комбинациядагы номерлер 3 млн сомго сатылды. Бул тууралуу Инфокоммамлекеттик ишканасы билдирди.
«Санарип Кыргызстан» саясатына байланыштуу мамлекеттик кызматтарда IT-инфраструктураларын жайылтууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Онлайн-аукционго баардык катышуучу реалдуу убакытта сайтка кирип, каалаган комбинациядагы номерди сатып алса болот. Сооданын автоматташтырылганы коррупциялык жолду бууп, «кымбат» номерлерди сатып алууну ачык сатуу жүрүүдө.
Сайтагы онлайн-аукционго катталуу үчүн http://nomer.srs.kg кирип, каалаган комбинацияны тандап, арыз берип, старттык сумманын 10% төлөө зарыл. Алдын алынган төлөм эгерде кардар номер албай калса кайра кайтарылат.
Катышуучулар СМС- билдирүү алып, аукциондун башталы тууралуу билип, реалдуу режимде соодага катышат. Ар бир кадам система аркылуу каттоого алынып, ставка 5 минут ичинде кабыл алынып, жеңүүчүлөр убакытка жараша аныкталат.
Аукциондон түшкөн кирешелердин 91% мамлекеттик бюджетке түшүп турат.