Бюджеттен 5,3 млрд сом тышкы карызды төлөөгө жумшалган

26.04.2021, 09:01 Акчабар
Бюджеттен 5,3 млрд сом тышкы карызды төлөөгө жумшалган

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстан өлкөнүн мамлекеттик карызын тейлөөгө 8 миллиард 101 миллион 83,5 миң сом бөлдү. Мындай маалыматтарды Экономика жана каржы министрлиги билдирди. 

Каражаттардын көпчүлүгү же 5 миллиард 382 миллион 952,4 миң сому тышкы карыздар боюнча төлөмдөргө жумшалган.

2020-жылдын ушул мезгилинде мамлекеттик карызды төлөөгө бөлүнгөн сумма жогору болуп, 8 миллиард 976 миллион 431,6 миң сомду түзгөндүгүн кошумчалайбыз. Бирок, төлөмдөрдүн түзүмүнө ылайык, акчанын көпчүлүгү, тактап айтканда 5 миллиард 41 миллион 535,4 миң сому өлкөнүн ички карызын төлөөгө кеткен. Ошентип, тышкы карыз алууну жабуу көлөмү 36,8% га көбөйгөн.

 

Тэги: госдолг деньги бюджет Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу