2020 – жылы өкмөт ири иш-чара жана парламенттик шайлоого 1.2 млрд. сомдон ашык акча которот. Бул тууралуу бүгүнкү өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Мамлекеттин бюджетинен коротулган бардык чыгымдар, кийинки жылы салык жана салыктык эмес кирешелерден жабылат деп билдирди.
Бюджеттин кирешесин электрондук фискалдык системаны ишке ашыруу, электрондук эсеп-фактура , товарларды маркалоо, онлайн текшерүү – касса машиналары аркылуу көбөйтүү мүмкүн экенин баса белгилешти.