"Ачык бюджет" сайты маалымдагандай, Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине 524 миллион 410 миң сом сарпталды.
Көпчүлүгү, тактап айтканда, 71,18% Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө жумшалган. Жалпысынан бир жыл ичинде эмгек акыга сарпталган сумма 373 миллион 252 миң сомду түздү.