Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы дээрлик 14 миллион евро бөлөт. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тиешелүү келишимге кол коюлду.
Макулдашууга ылайык, Лебединовка гидроэлектростанциясын реабилитациялоонун 5 миллион евросу грант болот.
Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясын өндүрүүнү жылына 56 пайызга көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.