Тарых музейин оңдоого бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн

11.05.2021, 14:10 Акчабар
Тарых музейин оңдоого бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн

Тарых музейиндеги оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, имараттын сырткы жасалгаланышына багытталган Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) аркылуу дагы 15 миллион доллар каржыланган.

Маданият министри музейдин жабдууларын, ички буюмдарын жана экспонаттарын орноткон Германиянын "Vitrinen-und Glasbau REIER" компаниясына 225 миң евро карызы бар экендигин кошумчалады.

"Музейге электрондук башкаруу тутуму киргизилген, бирок программалык камсыздоонун ачкычтары жогоруда аталган компанияда жана алар карыз төлөнгөндөн кийин гана кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет", - деди Иманалиев.

Талкуу учурунда депутат Бейшенаалы Нурдинов музейдин ачылышына чейин эле имарат урап баштаганын белгилеп, оңдоп-түзөө иштеринин сапатын сынга алды.

"Оңдоп-түзөө иштери туура эмес жүргүзүлүп жатат, полдору жарака кетти, суу түтүктөрү иштен чыга баштады. Имаратты оңдоп-түзөгөндөр жооп бериши керек, - дейт Нурдинов.

Эске салсак, музей 2016-жылдын 25-майында жабылган.

 

Тэги: капитальный ремонт Исторический музей деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу