Баткен районундагы мектепти оңдоо үчүн бюджеттен 15 млн сом бөлүндү

15.06.2021, 14:00 Акчабар
Баткен районундагы мектепти оңдоо үчүн бюджеттен 15 млн сом бөлүндү

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылындагы мектепти калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттен капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 15 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө аталган жайда дубалдардын бузулган шыбагын демонтаждоо иштери жүргүзүлүп, эшик жана терезе блокторун демонтаждоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле, окуу корпусунун 1-кабатында дубалдын жана полдун ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. 2-кабаттын дубалдарынын ички жасалгалоо иштери аяктады.

Белгиленгендей, мектептин ремонтун ушул жылдын 10-августуна чейин бүтүрүү пландалууда.

Эске салсак, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылындагы орто мектеп 28-30-апрелде Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркаган социалдык объектилердин катарына кошулган.

Тэги: село Максат Баткенская область ремонт школы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу