Кыргызстанда адилеттүүлүктү жакшыртуу үчүн ЕБ 12 млн евродон ашык каражат бөлөт

12.08.2021, 15:30 Акчабар
Кыргызстанда адилеттүүлүктү жакшыртуу үчүн ЕБ 12 млн евродон ашык каражат бөлөт

Кыргызстан менен Европа биримдиги “Бардыгына адилеттүүлүк: Кыргызстандын юстиция секторунда адамга багытталган реформаны ишке ашыруу” программасы боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бул келишимдин максаты - 2025 -жылга чейинки мезгилде соттук-укуктук реформаны колдоону улантуу.

Долбоордун алкагында Европа Биримдиги 12 миллион 690 миң евро бөлүшү керек, аны пайдалануу төмөнкүчө пландаштырылган:

  • сот адилеттигин өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн өнүктүрүү;
  • жалпы коомчулукка багытталган жана натыйжаларга жетишүү боюнча мониторинг системасын ишке ашыруу;
  • пробация институтун адам укуктарынын стандарттарына ылайык жакшыртуу.

Тэги: экономика Министерство юстиции ЕС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу