Транспорт, турак-жай жана жер салыктарын төлөө үчүн дагы бир жума убакыт бар

25.08.2020, 10:32 Акчабар
Транспорт, турак-жай жана жер салыктарын төлөө үчүн дагы бир жума убакыт бар

Транспорт, тура-жай, батир жана жер салыктарын белгиленген мөөнөттө төлөө үчүн жарандарда бир жума убакыт бар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

 

Ушуга байланыштуу, МСК транспорт каражаттарынын, турак-жай жана жер үлүшүнүн ээлерин калган убактыларын пайдаланууга жана өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жетишүүгө чакырат.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрында транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө мөөнөтү аяктайт.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

 

 

Тэги: налоги ГНС недвижимость транспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу