Валюталык соодада июлдун башынан бери ири сумма сатып алынды

20.07.2022, 09:26 Акчабар
Валюталык соодада июлдун башынан бери ири сумма сатып алынды

Банктар аралык валюта аукционунда 2022-жылдын 19-июлунда Кыргызстандын банктары 7,6 миллион долларды сатып алышты. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Келишим түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөрдүн суммасы 4,6 миллион долларды, ал эми келишим түзүлгөн күндөн башка күндөгү эсептешүүлөр менен 3 миллион долларды түздү. Акыркы жолу мындай чоң сумма 1-июлдагы аукциондо 9 миллион 50 миң доллар болгон.

19-июлда америкалык валюта 1 долларга 79,5 сом ачуу жана жабуу курсу менен сатылып алынган. Буга чейин доллар ушул курс менен 2022-жылдын 5-июлунда сатылып, 5,9 миллион доллар сатылып алынган.

Тэги: межбанковские валютные торги доллар США Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу