Соцфонд пенсиялык каражатты мамлекеттик баалуу кагаздарга салуудан 103,2 млн сом киреше тапты

10.12.2021, 17:16 Акчабар
Соцфонд пенсиялык каражатты мамлекеттик баалуу кагаздарга салуудан 103,2 млн сом киреше тапты

Былтыркы жылы Социалдык фонд пенсиялык топтолгон каражаттарды мамлекеттик баалуу кагаздарга жана коммерциялык банктардагы депозиттерге жайгаштыруудан 165 млн 184,4 миң сом киреше тапты. Бул тууралуу мекеменин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетунда айтылды. 

Алсак, Социалдык фонддун убактылуу бош акча каражаттарын мамлекеттик баалуу кагаздарга, Кыргызстандын Улуттук банкынын ноталарына жана кыска мөөнөттөгү депозиттерге жайгаштыруу үчүн чегерилген пайыздар 103 млн 184,4 миң сомду түздү. 

Соцфондго дагы 62 млн сом фонддун акча каражаттарынын калдыктары боюнча жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун коммерциялык банктардагы эсептерине чегерилген пайыздардын эсебинен түшкөн. 

Кошумчалай кетсек, Социалдык фонддун кирешелеринин түзүмүндө пенсиялык фонд 51 млрд 561 млн 688 миң сомду же 91,9 пайызды түзөт.

Тэги: Соцфонд пенсии деньги доходы Кыргызстанв

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу