Финансы министрлигинин тапшырмасы менен республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин тизмесине ылайык, 2022-жылга Баткен облусунун 80 объектиси киргизилген.
Аларды оңдоп-түзөө жана куруу иштерине 1 млрд 501 млн 755,8 миң сом каралган. Каражаттын басымдуу бөлүгү же 600 млн сому облустун жолдорун курууга жана оңдоого жумшалат.
Калган каражаттар социалдык объектилерди курууга жана калыбына келтирүүгө каралган.