Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Face ID колдонулат

24.12.2020, 18:00 Акчабар
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Face ID колдонулат

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында, туруктуу жашаган жерине каттоодо Face ID технологиясын колдонгон жарандарды аныктоо чечими кабыл алынды, деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматындагылар. 

Мындай чечим жарандардын даректерин массалык түрдө өзгөртүү учурларын алдын алуу максатында кабыл алынды. Мындан тышкары, катталган учурда турак жай имаратында каттоодо турган 10дон ашык жаран аныкталган учурлар дагы эске алынып, бул иш боюнча да чаралар көрүлгөн

"Эсиңерде болсо, өткөн жылы жазында жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда бизде "резина" батирлер пайда болду. Андан кийин талапка ылайык, каттоону эсепке алуу боюнча No886 токтомго өзгөртүү киргиздик. Каттоону бир даректе катталгандыгы аныкталгандан кийин көзөмөлгө алдык 10дон ашык адам болсо, чара көрүү үчүн үч органга - Ички иштер министрлигине, Борбордук шайлоо комиссиясына жана жергиликтүү аймактык башкармалыкка жазуу түрүндө сигналдык билдирүү жөнөтүлөт", - деди каттоо кызматынын төрагасы маалымат жыйынынын жүрүшүндө.

Ошентип, жарандардан арыздарды кабыл алууда жеке маалыматтардын шайкештиги жана калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде биометриканын бар экендиги текшерилет, мындан тышкары каттоо дареги өзгөргөндө ID-картанын чипине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Жогорку Кеңеш буга чейин No 2 форма боюнча добуш берүү укугун жокко чыгарган.

 

Тэги: выборы выборы 2021 регистрация голосование ГРС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу