2019-жылдын январь-декабрь айларында пенсия жана жөлөк пулга 45 млрд 290 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирет.
Анын ичинен:
Ош облусуна - 8.3 млрд сом;
Бишкек шаарына - 7.4 млрд сом;
Чүй облусуна - 7 млрд сом;
Нарын облусуна - 3.6 млрд сом;
Ысык-Көл облусуна - 4.1 млрд сом;
Талас облусуна - 1.8 млрд сом;
Ош шаарына - 1.6 млрд сом;
Баткен облусуна - 3.6 млрд сом;
Жалал-Абад облусуна - 7.6 млрд сом бөлүнгөн.