Улуттук инвестиция агенттиги инвестор тарткан бизнеске жардам берет

24.10.2022, 13:21 Акчабар
Улуттук инвестиция агенттиги инвестор тарткан бизнеске жардам берет

Кыргызстандын Каржы министрлиги долбоорлору аларды кызыктырган ишкерлерге кепилдик берет. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Умбриэль Темиралиев ишкерлер менен жолугушууда билдирди.

Ал кошумчалагандай, кепилдик эки жылдан үч жылга чейин кыска мөөнөткө берилет. Долбоор ишин ийгиликтүү уланта берсе, инвестор кийинчерээк мамлекеттик кепилдиктен баш тартат.

Жолугушууда чет элдик инвестицияны тартуунун өзгөчөлүктөрү да талкууланды.

“Инвесторлорду тартуу үчүн биргелешип каржылоого кепилдик берүү, ресурстар менен камсыз кылуу жана мамлекет менен биргеликте долбоорду алып баруу зарыл. Бул ишенимдүү мамилелерди түзүүгө жардам берет”, - деди Темиралиев.

Мындан тышкары, анын айтымында, агенттик чет элдик инвесторду тарта алган бизнести алдыга жылдырат. Мисалы, бюрократиялык көйгөйлөр болсо, анда бизнесмен УИАга кайрылса болот, анын иши көзөмөлгө алынат.

Тэги: новости Кыргызстана бизнес инвестиций агентство инвестиций

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу