Улуттук банк коммерциялык банкка мыйзам бузгандыгы үчүн айып пул салды

14.07.2022, 09:18 Акчабар
Улуттук банк коммерциялык банкка мыйзам бузгандыгы үчүн айып пул салды

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөгү коммерциялык банктардын бирине айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органы өзүнүн сайтында жарыялады.

Маалым болгондой, айып пул Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн салынды. Мындай чечим 7-июлда кабыл алынган.

Улуттук банк 23 банктын кайсынысы мыйзам бузганын жана айыптын көлөмүн тактаган жок.

Эске салсак, ушул жылдын апрель айында да көзөмөл органы коммерциялык банкка мыйзам бузгандыгы үчүн айып салган.

Тэги: Нацбанк КР банки КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу