Улуттук банк эсептик ченди 6,5% га чейин көтөрдү

27.04.2021, 10:45 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 6,5% га чейин көтөрдү

Улуттук банк эсептик ченди 100 базалык пунктка 6,5% га чейин көтөрдү.  Кеңештин чечими жөнүндө басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы дүйнөлүк экономиканын өсүшү COVID-19 жаңы штаммдарынын жайылышына жана калкты эмдөө процесси жай жүрүп жаткандыгына байланыштуу чектөөчү чаралар менен чектелип жаткандыгын белгилейт.

“Кыргыз Республикасында экономикалык активдүүлүктүн калыбына келүү тенденциясы байкалган, ал эми ички суроо-талап начар бойдон калууда. Чыныгы эмгек акы 2021-жылдын январь-февраль айларында 5,3% га төмөндөгөн. Ички керектөөнүн калыбына келүүсүнүн факторлорунун бири болуп, 2021-жылдын январь-февраль айларында 6,4% га (254,1 млн. долларды) түзгөн өлкөгө акча которуулар агымынын оң динамикасы саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

​Инфляциянын калыптанышына импорттук баалардын, негизинен азык-түлүк жана күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшү таасир этет.

Тэги: Нацбанк КР учетная ставка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу