Бүгүн Улуттук банк жети жылдык Мамлекеттик казына облигацияларды аукциондон тышкаркы жайгаштырууну өткөрөт. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Эмиссиянын көлөмү 300 миллион сомду түзөт.
Эске салсак, өткөн жуманын аягында 550 миллион сомдук жети жылдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөн. Натыйжада, эмиссия боюнча кирешелүүлүк 15,50% түздү.