Улуттук банк 21,6 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

27.03.2023, 15:35 Акчабар
Улуттук банк 21,6 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

Эртең, 28-мартта Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк банк тутумунан 21 миллиард 600 миллион сом алууну көздөп жатат.

Эске салсак, 22-мартта өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 10,34%, 11,13%, 12,41% жана 13,51 пайызды түзгөн.

Тэги: новости Кыргызстана ноты НБ КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу