Улуттук банк 25,8 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

05.05.2023, 09:18 Акчабар
Улуттук банк 25,8 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

10-майда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруунун эсебинен Улуттук банк банк тутумунан 25,8 млрд. сом алууну көздөп жатат.

Эскерте кетсек, 2-майда өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча, Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,16%, 11,72%, 12,06%, 13,42% жана 14,93% пайызды түзгөн. 

 

Тэги: новости Кыргызстана ноты НБ КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу