Финансы-кредиттик уюмдардын малыматына ылайык, 17-ноябрга карата Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган 443 карыз алуучу Финансы-кредиттик уюмдарга кайрылган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Анын ичинен 283 кредит 19 млн 459 миң сом жоюлса, 36 млн 487 миң сомдук 155 кредит реструктуризацияланган.
“Учурда Финансы-кредиттик уюмдар бул аймактарда жабыркаган карыз алуучулардын бардык арыздарын кароодо, - деп билдирди Улуттук банк.