Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 пайызда сактап калды

29.09.2020, 13:28 Акчабар
Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 пайызда сактап калды

Улуттук банк 2020-жылдын 28-сентябрында эсептик ченди (негизги чен) 5,0 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2020-жылдын 29-сентябрынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу регулятор маалымдады.

[news 28224] 

COVID-19 пандемиясынын жайылышынан улам кесепеттер дүйнөлүк экономикага дале таасирин тийгизүүдө. Дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда баалар динамикасы өзгөрүп тургандыгы байкалган. 

Жылдык инфляция көрсөткүчү 2020-жылдын сентябрь айында (18ине карата) 5,1 пайызды түзүү менен инфляция боюнча максаттуу көрсөткүч чегинде сакталып турган. Азык-түлүк товарларына, анын ичинде нан азыктарына жана этке баалардын өсүшү күндөлүк инфляцияга негизги салым кошкон. Улуттук банктын баа берүүсү боюнча инфляциянын орточо мааниси өтүп жаткан жылдын акырына акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтөрүнүн чегинде 5-7 пайызга жакын катталат.  

Улуттук банк туруктуу негизде инфляцияга тышкы жана ички таасир этүү факторлоруна баа берип, экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын колдонот. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк алардын кесепетин жөнгө сала алат.  

 

Тэги: учетная ставка Нацбанк КР экономика доллар финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу