Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 23-декабрында эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 4,25 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2019-жылдын 24-декабрынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, инфляция бир калыпта сакталган динамиканы көрсөтүү менен Улуттук банктын күтүүлөрүнүн чегинде орун алган. 13-декабрга карата инфляция 2,9 пайыздын деңгээлинде катталган.
«Улуттук банктын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча болжолдоолоруна ылайык, инфляциянын орточо жылдык мааниси 1,2 пайыз аралыгында түптөлөт, ал 2020-жылы дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын калыбына келүүсүнөн улам, ошондой эле ички жана тышкы таасирлер жок болгон учурда, акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү – 5-7 пайыздан ашпайт. Дүйнөлүк жана регионалдык рыноктордо жакынкы аралыкта күтүлгөн тенденциялар Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн олуттуу инфляция тобокелдиктерин жаратпайт», - деп жазылат маалыматта.