Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайызга чейин жогорулатты

01.02.2022, 10:02 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 31-январында эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка 8,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 1-февралдан тартып күчүнө кирет. 

Дүйнө жүзүндө товарларды жеткирүү туруктуу болбой, улам үзгүлтүккө учурашы менен бирге дүйнөлүк финансы рынокторунда ликвиддүүлүктүн өсүшү таасирин тийгизген, дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өсүшү улангандыктан, өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө инфляциялык басымдын жогору болушу сакталып турат. COVID-19 коронавирусунун омикрон-штаммынын жайылышынан улам, дүйнөдө жана Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө иш жигердүүлүгүнүн калыбына келиши бир аз басаңдаганы белгиленген. 

Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүк орточо деңгээлде калыбына келүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүшү 3,6 пайызды, Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда 3,9 пайызды түзгөн. Негизинен, кызмат көрсөтүү жана өнөр жай секторлорунан оң салым белгиленген. Ошол эле учурда, айыл чарбасында жана курулушта өндүрүштүн кыскарышы экономиканы калыбына келтирүүдө тоскоолдук жараткан фактор болуп калган.  Кыргызстанда инфляция динамикасына монетардык эмес факторлор таасирин тийгизүүдө. 2022-жылдын январь айында инфляция жылдык мааниде 11,1 пайызды түзгөн, жыл башынан бери баалар 0,9 пайызга өскөн.

Учурда түптөлгөн жагдайда Улуттук банк акча-кредиттик шарттарды катаалдатуу жагында аракетин сактап турат. Мындай чечим Кыргызстанда инфляциянын учурдагы динамикасына жана инфляциялык күтүүлөргө тышкы таасирлердин кесепетин минималдаштыруу максатында кабыл алынган.

“Тышкы чөйрөнү өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Зарыл болгон учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатына кошумча оңдоолорду киргизет”,- деп билдирет Улуттук банк.

Тэги: Нацбанк КР учетная ставка Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу