12-январда Улуттук банктын 7, 14, 28 жна 91 күндүк ноталарын жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу регулятор маалымдады.
Эмиссиянын биргелешкен көлөмү 6.4 млрд сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн Улуттук банк 7 күндүк ноталардан тартууну көздөгөн.
«7, 14 жана 28 күндүк ноталардын максималдуу кирешеси 5%, 91 күндүк ноталардыкы — 5.75% түзөт», — деп жазылат Улуттук банктын сайтында.