Улуттук банк үч банкка кадрларды дайындоону жактырды

21.05.2021, 09:20 Акчабар
Улуттук банк үч банкка кадрларды дайындоону жактырды

Улуттук банк банктын убактылуу администратору кызмат ордуна дайындоо үчүн маалымат базасына киргизилүүчү талапкерлерди тандоо боюнча сынактын жыйынтыгы жөнүндө билдирди.

Анын алкагында, “КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкына” Улуттук банк директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин төрагасы кызматына Асел Кыргызбаеванын талапкерлигин макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Ал эми Дастан Курманбаев ушул эле банкта башкарманын төрагасынын орун басарлыгына бекитилди. 

Гүлчехра Камчибекова "Дос-Кредобанк" ААКнын аудит боюнча комитеттин төрайымы, директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна жактырылды. 

Ташбаев Алмаз болсо "Кыргыз-Швейцария банкы" ЖАКтын директорлор кеңешинин көзкарандысыз мүчөсү болуп дайындалды.

 

Тэги: Нацбанк кадровые назначения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу