Улуттук банк банк тутумунан 9,8 млрд сом алууну пландаштырууда

16.11.2021, 09:11 Акчабар
Улуттук банк банк тутумунан 9,8 млрд сом алууну пландаштырууда

Улуттук банк 16-ноябрда жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон банкнотторду жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Ноталардын эмиссиясынын көлөмү 9,8 млрд сомду түзөт, банк тутумунан каражаттардын басымдуу бөлүгүн 7 күндүк ноталардын эсебинен чыгаруу пландаштырылууда – 3,7 млрд сом.

Кошумчалай кетсек, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча максималдуу кирешелүүлүк аукцион өткөрүлгөн күндөгү эсептик чендин өлчөмүнө барабар.

Эске сала кетсек, Улуттук банктын ноталарынын аукциондорун өткөрүүнүн негизги максаты банк тутумунан улуттук валютадагы ликвиддүүлүктү алып салуу болуп саналат. Бул операциялар экономикадагы акчанын көлөмүн азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.

Тэги: Нацбанк экономика деньги банковская система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу