Улуттук банк эң ири акча массасын чыгарууну пландаштырууда

17.05.2022, 10:01 Акчабар
Улуттук банк эң ири акча массасын чыгарууну пландаштырууда

Бүгүн Кыргызстандын Улуттук банкы жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт, деп билдирет жөнгө салуучу.

Улуттук банктын ноталарынын аукциондорун өткөрүүнүн негизги максаты банк тутумунан улуттук валютадагы ликвиддүүлүктү алып салуу болуп саналат. Бул операциялар экономикадагы акчанын көлөмүн азайтуу максатында жүргүзүлүүдө. Ликвиддүүлүктү башкаруу дүйнөдөгү бардык борбордук банктардын стандарттуу операциясы.

Жалпысынан кыска мөөнөттүү баалуу кагаздардын эсебинен Улуттук банк банк тутумунан 10,8 миллиард сом ашыкча ликвиддүүлүктү (акча массасын) алууну пландаштырууда. Бул Улуттук банк 11 миллиард сомго ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөргөн ушул жылдын январь айынын ортосунан (18-январь) берки эң ири ноталардын бири.

Жалпысынан үч аукцион өткөрүү пландаштырылууда, анда 7 күндүк ноталар 4,4 миллиард сомго, 14 күндүк ноталар 4 миллиард сомго жана 2,4 миллиард сомго 28 күндүк ноталар жайгаштырылат. 

 

Тэги: Нацбанк ликвидность банковская система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу